Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар тартылат

© Пресс-служба президента КРДүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар үчүн Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция сынак жарыялоодо.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Күзүндө өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар тартыла турганын Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну өтө турган "Кырчын" жайлоосун 800дөй адам даярдайт
Маалыматка ылайык, жарыяланган сынакка Кыргызстандын бардык жарандары, ошондой эле республикада жашап, расмий каттоодон өткөн чет элдиктер катыша алат.

Ыктыярчы болууну каалагандардан резюме 20-апрелден тарта кабыл алынып, 30-апрелге чейин тандоо жүрөт. 1-майдан 30-майга чейин ыктыярчылар окутулат.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Көл жээгинде өтөт. Маданий иш-чаралары үчүн "Кырчын" жайлоосу белгиленип, ал эми спорттук мелдештер Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0