Доллар 68 сомдон төмөн болууда

© Sputnik / Роман Галкин / Медиабанкка өтүүДоллар белгиси. Архив
Доллар белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү бир АКШ долларын акча алмаштыруу жайлары 67,77 сомдон сатып алып, 68,22 сомдон саткан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларында американын валютасы арзандап, бир доллар 68 сомдон төмөн болууда. 

Ишемби күнү бир АКШ доллары 67,77 сомдон сатып алынып, 68,22 сомдон сатылган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар дагы арзандады
Ал эми бүгүн доллар 67,5 сомдон сатып алынып, 67,9 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, бир АКШ доллары 69,45 сомду түздү.

Жума күнү, 1-апрелде Улуттук банк 6 миллион 650 миң доллар сатып алды. Жыл башынан бери валюта рыногунан 86 миллион 420 миң доллар сатып алган. Ошол эле учурда 77,4 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Улуттук банк валюталар курсун туруктуу кармап туруу үчүн интервенцияларды жасап келет.

Жыл башында бир АКШ доллары 76 сом болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0