Азербайжан түндө чек араны бойлой жайгашкан айылдар аткылоого кабылганын билдирди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКарабах аймагындагы Степанакерт шаары. Архив
Карабах аймагындагы Степанакерт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения менен чек арага жакын аймактарда атышуулар болгондугун, анткен менен жай жарандар жана куралдуу күчтөр арасында курмандыктар жок экендигин билдирди.

БИШКЕК, 3-апр. – Sputnik. Азербайжандын Коргоо министрлиги кечээ түнү азербайжан-армения чек араларында атышуулар жаңырып, бирок, курмандыктар болбогондугун кабарлады. Бул туурасында РИА Новостиге жекшемби күнү Азербайжан Коргоо министрлигинин маалымат катчысы билдирген.

"Абал чыңалган боюнча турат. Азербайжан тараптан түндө жоготуулар болгон жок. Чек араны бойлой жайгашкан айылдар аткылоого кабылган", — деп маалымдаган.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахта кырдаал курчуп жатканын жар салды
Армения менен Азербайжан Карабах аймагында абалдын курчуп жатканын жар салышкан. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү аткылай баштаганын айтса, армениялык тарап Азербайжан баскынчылык аракетин баштады деп билдирди.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0