Улуттук гвардиянын аскерлерине жихаддын чыныгы маанисин түшүндүрүп жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук Гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук Гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинарда жихаддын чыныгы маанисине түшүндүрмө берилип, Сирияга кеткендер диний сабаты жоюлбаган адамдар экени айтылды.

БИШКЕК, 29-мар. – Sputnik. Улуттук гвардиянын 708-бөлүгүндөгү аскерлерге диний түшүнүктү кеңейтүү максатында атайын семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу "Ыйман" руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди. 

Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азирети муфтий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат
Семинар 28-март күнү Куралдуу күчтөр Башкы штабы жана Улуттук коопсуздук кызматынын терроризмге каршы борбору менен биргеликте өткөрүлгөн. 

"Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков диний билимди жогорулатуу чоң мааниге ээ экенин билдирген. Анын айтымында, исламдын жөнөкөй эрежелерин билбегендик жарандарды террордук жана экстремисттик маанайдагы агымдарга бат берилүүгө шарт түзүүдө. 

Ал эми Мусулмандардын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн жетекчиси Равшан ажы Эратов мусулман адам башка адамга тили менен дагы колу менен дагы залакасын тийгизбеш керек дейт. 

"Ал эми жардырууларды уюштуруу эң чоң күнөө. Ал адамдарды жараткандын түбөлүк жазасы күтүп турат", — деп ал билдирген. 

"Жихад" тууралуу маалымат берген Равшан ажы Сирияда согушуп жүргөн жарандар туура эмес багытты тандап алышканы тууралуу дагы кеп козгоду. 

"Жихад – бул эң биринчи өзүңдүн напсиң менен күрөшүү дегенди түшүндүрөт. Өз өлкөңдү душмандардан коргоо дагы жихад болуп эсептелет. Ал эми өз мекениңе пайда алып келбеген согуштарга катышуу, өзүңдү-өзүң өлтүрүү жихад эмес, бул тескерисинче чоң күнөө", — деп кошумчалаган Равшан ажы. 

Семинарда экстремизм, терроризм менен күрөшүү дин кызматкерлери менен күч түзүмдөрүнүн гана милдети эмес, бул жалпы коомдук иш экени айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0