ИИМ: шайлоо учурунда мыйзам бузуу каттала элек

© Жазгуль ЖенишбековаКемин шаарындагы шайлоо участогу
Кемин шаарындагы шайлоо участогу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын алты шаарында жана 22 айыл аймаганда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Учурда жергиликтүү шайлоого болгон өнөктөштүк учурунда азырынча эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда алты шаарда (Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу) жана 22 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө.

Алты облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, учурда эч кандай мыйзам бузуу — чагымчылдык, мушташ жана башкалар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0