Ошто шайлоого келгендер калың кезекке турушууда

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарынын шайлоо участогунда кезекте турган шайлоочулар.
Ош шаарынын шайлоо участогунда кезекте турган шайлоочулар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык кеңешин шайлоо үчүн калаа боюнча 73 шайлоо участогунда ачылды.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында шайлоого келгендер кезек күтүп жатат. Мындай окуя шаардагы №5325 шайлоо участогунда болуп жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев учурда шайлоочулардын 12 пайызы өз добуштарын бергенин билдирди.

"Техниканын бары ойдогудай иштеп жатат. 5-6 участканы кыдырдым, ал жерлерде 12 пайыз адам добуш берди. Операторлордун тажрыйбасынын аздыгынан улам маселелер чыгууда. Бирок аларды жеринде дароо чечип жатабыз. Ош шаары боюнча 50 пайыздан жогору адам катышат деген ойдобуз", — дейт Сарпашев.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан боюнча алты шаарда жана 22 айыл аймакта жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жатат.

Ош шаарында бүгүн 73 шайлоо участкасы ачылды. Анда 117 миң 752 шайлоочунун катышуусу күтүлүүдө. Алардын 1162си кечээ мөөнөтсүз шайлоого катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0