Окуучулар арасында республикалык олимпиада башталды

© Sputnik / Айша КамиловаОшто болгон шаардык олимпиада. Архив
Ошто болгон шаардык олимпиада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиаданын жыйынтыгы менен 10 сабак боюнча 105 жеңүүчү аныкталат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте орто мектептин окуучулары арасында республикалык олимпиада башталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Планшет менен сабакта отурган окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: окуучулар планшет менен жаңы окуу жылында камсыздалышы мүмкүн
Ачылыш аземи жума күнү борбор калаада өттү. Өлкөнүн мыкты окуучулары математика, информатика, физика, биология, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, география жана химия боюнча республикалык олимпиаданын IV этабына катышмакчы.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен 10 сабак боюнча 105 жеңүүчү аныкталат.

Жеңүүчүлөр менен катышуучуларга грамота жана сертификаттарды тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 28-мартта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0