Ноорузда Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат

Жазылуу
Нооруз майрамы 21-март күнү белгиленет. Буга карата шаардын мэриясы бир катар майрамдык иш-чараларды уюштурууда.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Нооруз майрамы күнү Бишкекте айрым жолдор жабыла турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кайгуул кызматынын батальон командири Жээнбек Большевиков билдирди.

Анын айтымында, саат 9.00дөн баштап Эркиндик бульварынан Токголок Молдо көчөсүнө чейинки Чүй проспектиси жабылат. Бул жерде майрамдын негизги бөлүгү өтмөкчү.

Чүй проспектисинин 21-мартта жабыла турчу аймактары
Чүй проспектисинин 21-мартта жабыла турчу аймактары - Sputnik Кыргызстан
Чүй проспектисинин 21-мартта жабыла турчу аймактары

Муну менен бирге Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейинки Абдымомунов көчөсү жана Ак кула ат майданы жайгашкан Лев Толстойдон баштап Гагаринге чейинки Термечиков көчөсү жабылат.

Термечиков көчөсүнүн 21-мартта жабыла турчу аймактары
Термечиков көчөсүнүн 21-мартта жабыла турчу аймактары - Sputnik Кыргызстан
Термечиков көчөсүнүн 21-мартта жабыла турчу аймактары

Ипподромдо бул күнү ат оюндары өткөрүлөт. Большевиковдун айтымында, көчөлөр майрамдык иш-чаралар аяктагыча жабык болот.

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

 

Жаңылыктар түрмөгү
0