Ар бир 20-жумушчу орунду жаштарга бекитип берүү сунушталууда

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз жаштары. Архив
Кыргыз жаштары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары, ЖОЖдор бүтүрүүчүлөрүнүн үчтөн бирин ишке орноштурууга милдеттендирилиши мүмкүн.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Кыргызстанда ар бир жыйырманчы жумушчу орунду жаштарга бекитип берүү сунушталып жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов иштеп чыкты.

Документте "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү каралган.

"Толуктоолорго ылайык, стажы жана тажрыйбасы жок жаш жарандарды иш менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү каралган. Бул беш пайыздан кем эмес квота бекитүү жолу менен ишке ашат", — деп айтылат долбоордо.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайлар ишке орношкон бүтүрүүчүлөрүнүн саны тууралуу маалымат берип турууга жана жалпы сандан 30 пайыздан кем эмес студенттерди ишке орноштурууга милдеттендирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0