Өлтүрүп, көмүп салышкан. "Чыгыш-5" конушундагы операция боюнча кеңири маалымат

© flickr.com / Kelly SikkemaКүрөк. Архив
Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкаачылар 39 жаштагы шаар тургунун атып, анын сөөгүн Жаңы-Турмуш айылынын жанындагы талаага алып барып көмүшкөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы "Чыгыш-5" кичи районунда атайын даярдыктагы ыкчам отряды тарабынан жасалган операция боюнча түшүндүрмө берди.

Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баяман Эркинбаевди өлтүргөн адам атайы буйрутма менен киши колдуу болгон
Эске сала кетсек, буга чейин ИИМ кызматкерлери "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан үйдү курчоого алган. Анда үч адам кармалган. Алар адам өлтүрүүгө шектелип, уюшкан кылмыштуу топтүн мүчөсү катары ИИМдин каттосунда тургандар.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 7-февралында Токмок шаарында Казаков аттуу жаранды уурдоо жана өлтүрүү фактысы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү), 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.

"2016-жылдын 3-февралында 25 жана 21 жаштагы эки жаран кармалган. Алар 7-февралда Казаковду атып, анын сөөгүн Жаңы-Турмуш айылынын жанындагы талаага алып барып көмүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Жекшемби күнү кылмышка шектүү жарандардын шериктери "Чыгыш-5" конушунда жүрөт деген маалыматка ылайык, ИИМдин атайын даярдыктагы ыкчам отряды тарабынан операция өтүп, анда уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалган.

"Тинтүү учурунда Макаров маркасындагы номери өчүрүлгөн тапанча жана дагы маркасы белгисиз эки тапанча, тогуз миллиметрлик калибрдеги 36 ок, 14 травматикалык тапанчанын октору табылган", — деп билдирет маалымат кызмат.

Учурда кармалгандар ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0