"Ислам мамлекетинин" 200 согушкери эл тарабына өттү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" согушкерлери шаардан сыртка чыккан жерлерге атайын тосмо жайларды койгонго аргасыз болууда. Ракканы террочулардын өздөрү "Ислам мамлекетинин" борбору деп атап алышкан.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 200 согушкер "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкөн раккалыктардын тарабына өттү. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттиги окуядан кабары бар булактын айткандарына таянып билдирди.

Буга чейин Ракканын жашоочулары калааны борбор шаарыбыз деп атап алган "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине каршылык көрсөтүп, көчөлөргө Сириянын желектерин илип алган. 

"Ислам мамлекетинин" 200гө чукул согушкерлери раккалыктар тарабына өттү. Бул террорчуларды түйшөлтүп, алар шаардан сыртка чыккан жерлерге атайын тосмо жайларды койгонго аргасыз болууда", — деп билдирди агенттик.

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириянын Ракка шаарында согушкер өз энесин элдин көзүнчө өлтүрдү
Sputnik булагынын маалыматына караганда, Ракканын жашоочулары шаардын беш районунда мамлекеттик желектерди орнотуп, согуштук кагылышуулардан кийин террорчуларды аймактан сүрүп чыгарышты. 

Ишемби күнү кечинде каршылыкка чыккандар шаардын беш кварталында Сириянын желектерин орнотушту. Алардын ичинен эки кварталдын жашоочулары массалык жүрүшкө чыккан. Алар көчөдөн өкмөттүк армияны колдогон ураандарды улам кыйкырып өтүштү. 

"Ислам мамлекетинин" террорчулары борборубуз деп атап алган Ракка шаары Сириянын түндүгүндө Еврат дарыясынын жээгинде жайгашкан. Калааны согушкерлер мындан үч жыл мурда ээлеп алган. Шаарды алдырып жиберген Сирия бийлиги абадан жана жерден сокку уруп, бир нече жолу кайтарып алууга аракет кылганы менен майнап болгон эмес. 

Ал жерде сириялык армияга жардамчы болгондордун негизги бөлүгүн күрддөрдүн элдик кошууну түзөт. Бүгүнкү күндө күрддөр аймакка түндүк-чыгыш, ал эми өкмөттүк армия түндүк-батыш жагынан чабуул жасап келе жатат. 

Иран: дипмамилени үзүү Эр-Риядга өлүм жазасын "жашырууга" жардам бербейт
Жекшембиге караган түнү элдик кошуунчулар террорчулардан Тель-Абьяд шаарын тартып алган. Аталган аймакка Түркиядагы жана Ракка шаарындагы террорчулар тарабынан кол салуу болуп, 43 кошуунчу жана 140 согушкер курман болгон. 

Бул террорчулардын катарынан качкан биринчи окуя эмес. Мындан бир аз мурда эле Ракканын Дейр-эз-Зор провинциясынан жалданып жүргөн 80 чет элдик согушкер из жашырган. Учурда "Ислам мамлекетинин" согушкерлери качкындык кылган тарапташтарын катуу жазалоо үчүн издеп жаткан чагы.

Анткен менен "Ислам мамлекетине" каяша кылуу же алардын идеологиясынан баш тартуу боюнча аракеттер дайыма эле ийгиликтүү болбой, ал тургай өлүм менен коштолгон учурлар да арбын кездешет. Мындан бир нече ай мурда энесинин уулун террорчу уюмдардан алып калам деген аракети анын өмүрү менен бааланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0