Баткен облсоту мыйзамсыз арча кыйган Өзбекстандын жаранын 6 жылга кести

© flickr.com / Gabriel AmadeusБалта. Архив
Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жаштагы жаран 2013, 2014-жылы баалуу бактарды кыйганы тергөө маалында аныкталган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Баткен облустук соту Кадамжай райондук сотунун 30 жаштагы жаранды арчаны мыйзамсыз кыйганы үчүн алты жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Өзбекстандын жараны 2013-жылы Кадамжай районунун "Куржун" жайлоосунан "Саур арча" түрүнө кирген 10 түп арчаны мыйзамсыз түрдө өспөй калган деңгээлге чейин кыйып, өздөрү жашаган үйлөрүнө алып кетип калышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 750 миң сом зыян келген.

Аким: Раппопорт аллеясында бактарды жапырт кыюу боюнча чечим чыга элек
Тергөө маалында белгилүү болгондой, соттолуучу аты-жөнү такталбаган Бегжан, Азамат жана Умар аттуу тааныштары менен 2014-жылы да баалуу бактарды эки жолу кыйышкан. Анын кесепетинен мамлекетке бир миллион элүү миң сом зыян келген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 279-беренесинин ("Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу") негизинде 3 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Бирок, бул жаран аталган берене менен үч жолу айыпталып, жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 6 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кадамжай райондук сотунун былтыр ноябрь айынын аягында чыгарган чечимине макул эместигин билдирген соттолуучу менен анын жактоочусу кассациялык даттануу менен облустук сотко кайрылган. 

Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы ишти карап чыгып, Кадамжай райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0