Бишкек шаарында акча алмаштыруу жайын тоноп кетишти

Жазылуу
Учурда ыкчам топ окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн иштеп жатат.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Медициналык академиянын маңдайындагы акча алмаштыруу жайын таң эрте тоноп кетишти. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Олжобай Казабаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Маалыматка ылайык, тоноо таңкы саат 5.00дөр чамасында болгон.

"Ыкчам топ окуя болгон жерге чыгып кетти. Учурда анын чоо-жайы такталууда", — дейт Казабаев.

Алдын ала маалыматтар боюнча 100 миң сом жана эки уюлдук телефон уурдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0