Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогу үчүн алгачкы беттеш Ош шаарында өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчу беттешүү учурунда. Архив
Футболчу беттешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командалардын кармашы 5-мартта Ахматбек Сүюмбаев атындагы стадиондо болот.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогунун беттеши Ош шаарындагы Ахматбек Сүюмбаев атындагы стадиондо болорун КРдин футбол лигасы кабарлайт. 

КРдин футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британиянын депутаты КР Футбол федерациясын коррупция боюнча айыптады
Бул оюнда топ-лиганын чемпиону болгон Оштун "Алай" командасы менен 2015-жылдагы Кыргызстандын чемпиону "Абдыш-Ата" (Кант) беттешет. Командалардын кармашы 5-мартта болот.

Салт болуп калган Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогу 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аталган командалар буга чейин кездешкен эмес.

2011-жылы суперкубокту "Нефтчи"(Кочкор-Ата), 2012-жылдан тартып 2014-жылга чейин "Дордой" командалары жеңип келишкен. Ал эми 2015-жылы суперкубок өткөрүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0