Кытай — Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандан өткөн бөлүгү 430 чакырымды түзөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТемир жолдогу светофор. Архив
Темир жолдогу светофор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир жол Жалал-Абад жана Нарын облустарынын аймагынан өтөт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кытай — Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандан өтүүчү бөлүгүнүн узундугу 430 чакырымды түзөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев билдирди.

Анын айтымында, кезектеги сүйлөшүүлөр март айынын ортолорунда Кытайда өтүп, ага үч өлкө катышат.

"Былтыркы алынган маалыматтар боюнча Кыргызстандын аймагынан өтүүчү темир жолдун узундугу 430 чакырымды түзөт. Азырынча кайсы аймактарда жол салынары так аныктала элек. Бирок Жалал-Абад жана Нарын облустарынын аймактарынан өтөрү анык", — дейт министр.

Малабаев кошумчалагандай, азырынча курулушка канча каражат сарпталары тактала элек.

Темир жол куруу боюнча бир канча жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0