Казакстанга барган КР мигранттары 30 күнгө чейин каттоого туруу милдетинен бошотулду

Жазылуу
ЕАЭБ алкагындагы макулдашууга ылайык, башка максат менен барган жарандар беш күндүн ичинде каттоого турууга тийиш.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Казакстанга иштөө үчүн барган эмгек мигранттары 30 күнгө чейин каттоого туруу милдетинен бошотулат турганын Мамлекеттик миграция кызматы билдирет.

Кыргызcтандыктардын арасында эмгек мигранты болгусу келгендер азаюуда
Маалымат боюнча ЕАЭБ алкагындагы макулдашуунун айрым жоболоруна ылайык, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Казакстанга барган биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү 30 күндөн кийин мыйзамга ылайык каттоого туруусу тийиш.

Ал эми башка максатта Казакстанга барган кыргызстандык жарандар жана Кыргызстанга келген казак жарандары беш күндүн ичинде 90 күндүк мөөнөт менен каттоого турууга милдеттүү.

Мындан улам Миграция кызматы Казакстанга жөнөгөн кыргызстандык жарандар чек арада миграциялык картаны толтурууда сапардын максатын так көрсөтүүнү өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0