БШК аймактагы комиссия мүчөлөрү үчүн окууларды уюштурууда

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоодогу операторлор. Архив
Шайлоодогу операторлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайы программадан өткөн катышуучулар өздөрү машыктыруучу катары тренинг өткөрүү укугуна ээ болушат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 27-март күнү өтө турган жергиликтүү шайлоого карата аймактык комиссиялардын мүчөлөрү үчүн атайын окууларды баштаганын аталган мекеме билдирди.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кадрларын толуктоодо
Маалыматка ылайык, тренингдер "Автоматташтырылган башкаруу системасын пайдалануу" жана "Шайлоо процесси менен укук" темалары боюнча өтүүдө. 

Район борборлорунда мындай окуулар 24-февралдан 12-мартка чейин өтсө, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын өкүлдөрү үчүн 24-27-февраль күндөрү Ош шаарында өтөт. Жалпы катышуучулардын саны 37 кишини түзүүдө.

Атайы программадан өткөн комиссия мүчөлөрү окуудан соң өздөрү машыктыруучу катары тренингдерди өтүү укугуна ээ болушат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0