БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстанда пневмококк оорусуна каршы эмдөө 22-мартта баштала турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 25-26-февраль күндөрү медайымдар атайы окуудан өтүп, эмдөө жасоонун ыкмаларын үйрөнүшөт. Ушундай эле окуулар 1-2-март күндөрү Чүй облусунун медайымдары үчүн уюштурулат.
Вакцинация 2,5 айлык ымыркайлардан баштап бир жашка чейинки балдарга жасалат. Анткени, дал ушул курактагы наристелер аталган инфекцияга туруштук берүүгө жөндөмсүз келет.
Профилактикалык эмдөө — балдарды инфекциялык оорудан коргоочу жападан жалгыз мүмкүнчүлүк. Учурда дарынын 361,8 миң дозасы сатылып алынды.
Пневмококк инфекциясы — пневмакокк бактерияларынан улам пайда болуучу илдеттердин жыйындысы.
Мындай ооруларга пневмония, менингит, бактериемия, өпкө оорусу, бронхит кирет.