Салык кызматынын төрагасы салыкчылардын маянасын ачыкка чыгарды

Жазылуу
Салык кызматынын төрагасы кошумчалагандай, кызматкерлердин 50 пайызынын турак жайы жок.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Салык кызматкерлеринин орточо айлыгы 7 000 сомду түзө турганын парламенттин отурумунда аталган мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

Салыкчылардын маянасына эл өкүлү Руслан Казакбаев кызыкты.

"Өзүңүздүн айлыгыңызды сурабай эле коёюн, орун басарыңыз, катардагы кызматкерлер канча маяна алат?", — деп сурады депутат.

Осмоновдун айтымында, анын орун басары 19,5 миң сом алат. Ал эми катардагы салык кызматчылары эң төмөн дегенде алты миң сом айлык алышат. Мындан сырткары, салык кызматкерлерине майрам күндөрү кошумча акчалай сыйлык берилет.

Салык кызматынын төрагасы кабарлагандай, кызматкерлеринин 50 пайызынын турак жайы жок.

Депутат Кенжебек Бокоев мындай айлык менен кызматкерлер салык жыйнай албай турганын белгиледи. Эл өкүлү мындай абалда коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0