Финансы полициясынын кызматкери 20 миң доллар парадан баш тартты

Жазылуу
Каражат ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүн текшерүүнү токтотуу максатында сунушталганы айтылууда.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкекте жеке ишкерлер Финансы полициясынын кызматкерине 20 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, пара аталган жарандардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу максатында сунушталган. 

Учурда бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0