Сарпашев: каттоо кызматына жумушка билимине эмес, таанышына карап алышкан

Жазылуу
Мамлекеттик 38 кызматкердин ичинен 13 адам керектүү баллды топтой алган эмес.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Тайырбек Сарпашев мурда Мамлекеттик каттоо кызматына жумушка билимине, тажрыйбасына эмес, тааныштыгына карап алышкан деген пикирин билдирди. 

Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, ведомство 17-19-февралда кызматкерлерин аттестациядан өткөргөн. Биринчи баскычта — компьютердик тестирлөөдө Талас, Чүй жана Бишкектеги Калкты жана жарандык актыларды каттоо органынын кызматкерлеринин билими текшерилди.

"Тестирлөөдө Талас шаарынын жана Кара-Буура жана Манас районун, Бишкектин Свердлов районунун, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районун Калкты жана жарандык актыларды каттоо органынын жетекчилер ала алган эмес. Мындан сырткары, сегиз кызматкер тестирлөөдөн өтпөй калган", — деп жазылат маалыматта.

Мамлекеттик 38 кызматкердин ичинен 13 адам керектүү балды ала алган эмес.

"Тестирлөөнүн биринчи баскычы кызматкерлердин билим деңгээли төмөн экенин көрсөттү. Буга чейин жумушка билимине карап эмес, тааныштык аркылуу киргендер көп экени байкалды. Эми мындай көрүнүш кайталанбайт", — дейт Сарпашев. 

Аттестацияны Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери дагы өтүүсү керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0