Бишкектен аэропортко кетчү жолдун жарымы оңдоо үчүн жабылат

Жазылуу
22-февралдан тарта борбор калаанын түштүк тарабындагы автотрассада оңдоо иштери башталат.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектен "Манас" аэропортуна кетчү жолдун жарымы оңдоо үчүн жабыла турганын КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

22-февралдан тарта аталган жолдун 7,5 чакырымынан 30,5 чакырымына чейинки аралыгы оңдоо иштери үчүн жабылат.

Жолдун батыш тилкесинде эки тараптуу кыймыл киргизилет. Министрликтен билдиришкендей, аталган жол тилкеси толугу менен оңдолуп, жаңы асфальт төшөлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0