Бишкектин жолдору түнү менен кардан тазаланып чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кум чачуучу унаа. Архив
Бишкектеги кум чачуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан жолдорду тазалоого 20 атайын техника тартылды.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Тазалык" муниципалитеттик ишканасынын кызматкерлери түнү менен көчөлөрдү кардан тазалап чыкканын мэрия билдирди.

Муниципалдык трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалыктын" кызматкерлери жарандардын чакыруусу менен тазалоо иштерине чыгып турат
Кезметте 17 кум чачуучу унаа, төрт трактор, беш жүк ташуучу унаа иштеди. Жалпы жонунан жолдорго 443 тонна кум менен 33 тонна туз чачылды. 

Көчөлөрдү тазалоого жол-эксплуатациялык башкармалыктын 30 жумушчусу жана 510 короо шыпыргыч тартылган.

Жолдорду тазалоо кечки убакытка чейин токтотулду. "Тазалыктын" кызматкерлери жарандардын кайрылуусу боюнча шаарга чыгып турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0