Нарында 14 жаштагы кыз төрөп, зордуктоого шектелген жаран кармалды

CC BY-SA 2.0 / Bridget Coila / Holding Hands With a Newborn BabyНоворожденный ребенок держится за руку отца
Новорожденный ребенок держится за руку отца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын кош бойлуу экени ооруканага ооруп келгенден кийин аныкталган. Ал операция жолу менен төрөдү.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Нарында 14 жаштагы кыз төрөдү, анын кош бойлуу экени ооруп дарыгерге келгенде аныкталганын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ороз Молдосариев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Облустук оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев билдиргендей, 14 жаштагы кыз операция жолу менен көз жарган. Анын баласы ара төрөлгөндөрдүн катарына кошулуп, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми кыз дарыланып жатат.

Молдосариев укук коргоо органдарына кыздын ата-энеси кайрылганын белгиледи. 

"24 жаштагы жигит жашыруун ат менен кыздын башын айлантып, төрт-беш айдан бери "мен сени жакшы көрөм" деп ишеничине кирип жүргөн. Кыз кичине толмочунан келгендиктен анын боюнда бар экенин ата-энеси деле билген эмес. Ооругандан кийин ооруканага алып барышканда кош бойлуу экенин билишкен", — деди ал.

Учурда бул ишке шектүү делип Ат-Башы районунун тургуну кармалды. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгү 1-пункту боюнча (жашы жете электерди зордуктоо) кылмыш иши козголду. Молдосариев тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы кыз кесиптик лицейлердин биринде 1-курста окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0