Обама АКШнын аскер күчтөрүнө Афганистандагы "Ислам мамлекетин" бомбалоого уруксат берди

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүАмериканский истребитель F-16. Архивное фото
Американский истребитель F-16. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик департаменти "Ислам мамлекети" террордук тобунун Афганистандагы бөлүгү — "Хорасанды" тыюу салынган террордук уюмдардын катарына киргизгенден кийин Американын аба күчтөрү "Аль-Каиданы" эле эмес, "Ислам мамлекети" террордук тобун бомбалоого уруксат алды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын администрациясы Афганистандагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна карата абадан сокку урууга уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости Washington Post басылмасына таянуу менен билдирди.

Sputnik Arabic: Сирияда аялдар "Ислам мамлекетине" каршы эркектерден кем калбай согушат
Маалыматка ылайык, Американын аба күчтөрү эми "Ислам мамлекети" террордук тобуна карата жигердүү сокку урууга мүмкүнчүлүк алат.

Буга чейин "Аль-Каида" террордук тобуна гана абадан сокку урулуп келген.

АКШ 2001-жылы Афганистанда "Аль-Каида" жана "Талибан" террордук уюмдарына карата аскердик операцияларды жүргүзгөн. Башында АКШ аскерлерин 2014-жылы өлкөдөн алып чыгууну пландаган, бирок афган өкмөтүнүн суранычы менен аскерий контингенттин жарымы жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө жардам берүү үчүн калтырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0