Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинен бир тепкичке төмөндөйт

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 108-орунду ээлей турганын football-rankings.info порталы божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинен бир орун төмөндөшү мүмкүндүгүн rankings.info порталы билдирди.

Эмгек - Фарватер футзал оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футзал боюнча КР чемпионатынын финалына катыша турчулар аныкталды
Бул жылдын 7-январында жарыяланган FIFA уюмунун акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстандын курама командасы 324 упай менен 107-орунду ээлеген.

Football-rankings.info порталынын божомолу боюнча FIFA уюмунун 4-февралда чыга турчу жаңы рейтингинде Кыргызстан бир орун төмөн түшүп, 108-орунду ээлейт. Команданын упайлары эч өзгөрүүсүз калган.

Рейтингдин көч башындагы командалар өзгөрбөйт. Үчилтикте кайтадан эле Бельгия, Аргентина жана Испания кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0