Өкмөт кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды

© flickr.com / a.dombrowskiЧек ара зымы. Архив
Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карашевдин айтымында эки өлкөнүн чек арасы 971 чакырым экенин белгилеп, өкмөттөр аралык комиссия анын 519,9 чакырым аралыгын кароо боюнча келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өкмөт Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимди жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирүүдө.

Биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин айтымында, эки өлкөнүн баштапкы чеги катары Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай мамлекеттеринин чектешкен жери каралат. 

"1998-жылы эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. 2003-2006-жылдары эле 11 жолугушуу болгон. Делимитациялоо иши абдан катаал, ал үчүн топографиялык картага түшкөн бир нече мамлекеттин архивдик материалын иликтөө керек", — деди ал.

Карашевдин айтымында эки өлкөнүн чек арасы 971 чакырым экенин белгилеп, өкмөттөр аралык комиссия анын 519,9 чакырым аралыгын кароо боюнча келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

Жыйындын соңунда өкмөт аталган долбоорду колдоо боюнча чечим кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0