"Манас" аэропорту учактарды кабыл ала баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив
Манас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттун учактарды кабыл алууну токтотуусуна эртең мененки коюу туман себеп болгон.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропорту Бишкектеги аэропорттон учактарды кабыл ала баштаганын мекеме билдирди.

Эртең мененки коюу тумандан улам учактарды кабыл алуу убактылуу токтотулган. Аэропорттун диспетчердик кызматы учууларга уруксат берип, ал эми конууларды Ош шаарындагы аэропорт кабыл алууда. Негизинен Түркия жана Россиядан келген учактар конгон.

Аба майдандын иши саат 13.00дө жанданды. Учурда аэропорт кадимки режимде иштеп, учактардын учуп-конуусуна эч кандай чек коюлган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0