Элден чогулган салыкты ыйгарып алган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери доого жыгылды

Жазылуу
Тергөө иштеринин негизинде жер салыгы үчүн чогулган элдин каражатын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бардык зыянды төлөп беришти.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн кызматкерлери калктан жер салыгына чогултулган акчаны өзүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы 271 миң сомду түзөт.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0