Россия Түркия үчүн "эң коркунучтуу өлкө" болуп калды

© flickr.com / David StanleyАнкарадагы Аныткабир мавзолеи. Архив
Анкарадагы Аныткабир мавзолеи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын жарандары тышкы коркунуч катары Израилди эмес, Россияны эсептеп калганы жүргүзүлгөн сурамжылоодо байкалган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Эми Израиль Түркия үчүн "эң коркунучтуу мамлекеттердин катарына кирбейт". Түркиянын Kadir Has университети жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, коркунуч жараткан биринчи мамлекет Россия болуп калды.

Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк аналитиги Россия менен Түркия качан "жарашаарын" билдирди
Социалдык-саясий абалды байкоо үчүн жасалган бул изилдөө былтыр 9-17-декабрда Түркиянын 26 шаарында жүргүзүлгөн. Анда жарандардын бийликке болгон ишеними азайганы байкалган. Тургундар эң көп өлкөнүн аскерий күчтөрүнө (62,4 пайыз) жана университеттерге (51,9 пайыз) ишене тургандыктарын билдирген. Ал эми Жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишеним 27,8 пайызды, парламентке 31,8 пайызды жана саясий партияларга болгон ишеним 33,9 пайызды түзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын 53,2 пайызы экономикалык саясат алардын жашоосуна терс таасирин тийгизгенин айтышкан. Мындай пикирди кармангандар бир жылда сегиз пайызга өскөн.

Түркиянын жарандары ички эң негизги коркунуч терроризм экенин белгилешет. Бир жылда андан кооптонгондордун саны 13,9 пайыздан 39,3 пайызга чейин көбөйгөн.

2011-жылдан бери Түркиянын тышкы коркунучу саналып келген Израиль бул жолу коркунуч жараткан мамлекеттин биринчи сабына кирген жок. Эми түрктөр өлкөгө коркунуч жараткан биринчи өлкө деп Россияны эсептей турганы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0