Кытайда издөөгө алынгандардын сүрөтү покер карталарына чыгарылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПокер карталары. Архив
Покер карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү полиция мындай өзгөчө ыкма кылмышкерлердин тез табылышына жол ачат деп ишенет.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кытайдын түштүгүндөгү Биньян аймагынын полициясы кылмышкерлерди издөөнүн өзгөчө ыкмасын киргизди. Издөөгө алынган 248 кылмышкер тууралуу толук маалыматтар покер карталарына басылганын Циньхуа агенттиги билдирет.

Кылмышкерлердин сүрөтү басылган карталардын 15 миңи сатылды. Полиция мындай ыкма менен кылмышкерлер тууралуу маалыматтар калк арасында кеңири таралат деп ишенет. Азыркы тапта карталар шаар жерине таратылса, эми айыл-кыштактарга чейин жеткириле турганын полиция белгилейт.

"Картада кылмышкерлердин сүрөтү, жасаган кылмышы, кайсыл жерде туулуп-өскөнүнө чейин маалыматтар жазылган. Ошондой эле издөөгө алынгандарды байкап калгандар болсо ал жерде көрсөтүлгөн телефон номерине чала алышат", — деп Циньхуа агенттиги жергиликтүү полицияга таянуу менен маалымдайт.

Мындан сырткары кылмышкерлер тууралуу кандайдыр маалымат бергендерге полиция эки миң юань сый акы бере турганын айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0