Катуу ылдамдыкта келе жаткан Лексус автоунаасы Бишкектен аялды коюп кетти

Жазылуу
25-30 жаштар чамасындагы аял кырсык болгон жерден каза болгон. Аялдын жанында бир киши болгонун айткан күбө ал окуядан кийин таксиге түшүп кетип калганын кошумчалады.

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүнөн Чыгыш автовокзалга жакын жерден чыгыштан батышты көздөй келе жаткан күмүш түстүү оң рулдуу Лексус 350 автоунаасы 25-30дар жаш курагындагы аялды коюп кетти.

Өзүн Сагын деп тааныштырган күбө автомашина коюп кеткен кыздын жанында дагы бир киши болгонун айтат.

"Лексус автоунаасы катуу ылдамдыкта келип, жолдон өтүп бараткан аял менен кишини коюп кетти. Машина токтогон да жок", — деди ал.

Күбө ошондой эле, каза болгон кыздын жанындагы киши да машинага урунганын, ал басып жүрүп окуя болгон жерден таксиге түшүп кетип калганын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, жол тандабастын айдоочусу окуя болгон жерден машинасы менен качып кеткен. МАИ кызматкерлери машинаны таап, бирок айдоочусун издеп жатышат деген маалымат бар экенин кабарчы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0