Путин КР менен РФ чыныгы достордон экенин айтты — эки президенттин жолугушуусу

Жазылуу
Россияга болгон иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путин менен жолукту.

Путин Атамбаевди жылуу тосуп алып, эки тараптуу мамилелер ар убак көңүл чордонунда экенин белгиледи.

"Биз бат-баттан дайыма жолугуп турабыз. Ар дайым сүйлөшө турчу темалар бар. Себеби биз чындыгында доспуз. Экинчиден биздин өз күчүбүздү биргеликте колдоно турчу багыттар бар. Анын ичинде интеграциялык процесстер боюнча да багытыбыз бир. Азыр жөнөкөй мезгил эмес, дал ушул кырдаал бизди интенсивдүү пикир алышууга мажбур кылып, кайда барабыз, кандай темп менен аракеттерди көрөбүз деген маселелердин айланасында майнаптуу чараларды көрүүгө түртүп жатат", — деди ал.

Атамбаев өз кезегинде эки тараптуу макулдашууларды дагы бир ирет талкуулап алууга шарт түзүлгөнүнө кубанычта экенин белгилеп, жаңы жыл алдында эки элге тынччылык, бакубаттуулук каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө президенттер биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусун ортого салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0