Президент Атамбаев иш сапар менен Россияга жөнөп кетти

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы россиялык кесиптеши менен жолугуп, эки тараптуу мамилелер ортого салынат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Россияга иш сапар менен жөнөп кеткенин мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында президент Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясына жана Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки жетекчи кыргыз-орус кызматташуусунун абалы жана келечегин талкуулашмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0