Жаңы жылдын түнү аба ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековПлощадь Ала-Тоо в ночь нового года. Архивное фото
Площадь Ала-Тоо в ночь нового года. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайына алдын ала берилген маалыматтарда жаңы жылдын түнү —7 градуска чейин суук болот.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Жаңы жылдын алдында аба жылуу болуп, күндүн ырайы бузулбайт деп айтылат метеорологиялык кызматтын билдирүүсүндө. 

2015-жылдын 31-декабрындагы аба ырайына карата божомолго көз салсак, күндүз аба ырайы —1 градуска түшүп, бирок, 0 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми түнү —7 градуска чейин суук болот. Кардын жаашы күтүлбөйт. 

Кыргызгидрометтен Sputnik агенттигине мындай аба ырайы болжол менен берилип жаткандыгын, тагыраагы Жаңы жылга беш күн калганда билине тургандыгын айтышты. 

"Аба ырайын божомолдоп жатканда тагыраак аныктоого жардам бере турган көп көрсөткүчтөргө карайбыз. Азырынча өтө олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт", — деп кошумчалашты метеокызматтан.

Жаңы жылдагы дем алуу болгону үч – 1,2,3-январь күндөрү болот да, 4-январдан тарта кадыресе иш күндөрү башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0