Кыргызстандык милиция кызматкерлери россиялык форма киет

© Sputnik / Игорь Чуприн / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү форма менен укук коргоо кызматкерлерин камсыз кылуу боюнча келишим быйылкы жылдын жай айында түзүлгөн.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандын милиционерлери россиялык өндүрүшчүлөрдүн колунан чыккан кийим-кече менен камсыздаларын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү форманы Россиядан Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда түзүлгөн. 155 тонналык кийим-кеченин жалпы суммасы 68 миллион рублди түздү.

"Формадан тышкары индивидуалдуу кийим-кече тигүү кездемелер да келди. Сапаты абдан жакшы", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик жакын арада жаңы форма милиция кызматкерлерине бериле баштай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0