Сариев: ШКУ аймактагы коопсуздук маселесине салымын кошуп, каражат салып жатат

Жазылуу
Өкмөт башчысы Темир Сариев Кыргызстан жамааттык коргоо тутумун түзүүгө финансылык каражаттардын бөлүнүшү керектигин жана бул аймактагы коопсуздукту сактоого салым кошо тургандыгын айтты.

Премьер-министр Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген жыйынына катышты.

"Бүгүнкү чечимдердин катарында коопсуздук органдарынын линиясы боюнча ыкчам маалыматтарды коргоонун жамааттык тутумун түзүүгө финансылык каражаттар бөлүнүүгө тийиш. Муну биздин аймактык антитеррористтик түзүмдү күчтөндүрүүгө кошкон салым катары карасак болот", — деп белгиледи Сариев.

Өкмөт башчысы Кыргызстан ШКУ өнүктүрүү банкы жана ШКУ өнүктүрүү фондунун ыкчам түзүлүп, ишке киргизилүүсүнө кызыкдар экендигин айтты. 

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өтөт. ШКУ Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуу расмий түрдө Кыргызстанга өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0