БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя берүү үчүн дагы бир ири коммерциялык банк маалымдама бергенин аталган фонд билдирди.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өнөктөш банктарды тандоо үчүн баасы үч миллион доллардан ашуун бизнес долбоорлорду кароодогу шарт-талаптардын негизинде тандайт.
Мекеменин жетекчиси Нурсулуу Ахметова устав боюнча фонддун мамлекетте болуп жаткан саясий окуяларга кийлигишүүсүнө, саясий партияларды, уюмдарды же саясий ишмердүүлүк менен алектенген жарандарды тикелей же кыйыр каржылоосуна тыюу салынарын белгилейт.
"Фондго жүктөлгөн жоопкерчиликти жана алдына коюлган милдеттерди эске алып, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү максатында бардык арыз берүүчүлөргө, өзгөчө саясаттагы адамдар менен байланышы бар уюмдарга катаал талап коюп жатабыз", — дейт төрайым.
Сентябрь айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести даректүү каржылоо программасын ишке ашыруу максатында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" менен келишим түзүп, эки банкка 1,2 миллиард сом бөлүп берген. Аталган программанын алкагында ишкерлерге беш жылдык мөөнөткө 12 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк берилет.