Кармаганда кан чыккан, билектүү, көк жал көкбөрүчүлөр кимдер?

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-бөрү мелдеши учурунда. Архив
Көк-бөрү мелдеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы менен биргеликте быйыл мыкты оюн көрсөтүп, башкалардан өзгөчөлөнө алган команда менен оюнчуларды Sputnik агенттиги аныктады.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Көк бөрү же улак тартыш оюну кылымдардан бери кыргыздын кан жаны менен бирге муундан-муунга мурас катары берилип келет.

Жорго. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң мыкты күлүктөр менен жорголор кимдики
Учурда бул оюн жеке эле Кыргызстанда эмес коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Кытай, Түркия жана Россияда дагы ойнолуп келет. Көк бөрү Кыргызстанда белгилүү даталарда 21-март Нооруз майрамында, 9-май Жеңиш күнүндө жана 31-август Эгемендүүлүк күнү сөзсүз ойнотулат. Көк бөрүнүн башка спорттордон айырмасы ат жалында жүрүп ойнолгонунда. Улакчы менен ат бир бүтүн болуп, минген аты ээсине жардам берип, башка аттардын жолун торойт. Ал эми улакты алып такымга басканда ат атылган октой тай казанды көздөй чуркайт.

Көк-Бөрү федерациясы менен биргеликте Sputnik агенттиги 2015-жылкы оюндарда ийгиликке жетишкен командаларды жана оюнчуларды аныктады.

2015-жылы болгон беттештерде эң көп упай топтогон беш командалардын тизмеси төмөндөгүдөй:

1. "Сары-Өзөн", 9750 упай. Команданын жетекчиси Рамис Жунусалиев, машыктыруучусу Шекитов Эрмек;

© пресс-служба федерации по кок-бору"Сары-Өзөн", 9750 упай. Команданын жетекчиси Рамис Жунусалиев, машыктыруучусу Шекитов Эрмек
Команда по кок-бору Сары-Озон - Sputnik Кыргызстан
"Сары-Өзөн", 9750 упай. Команданын жетекчиси Рамис Жунусалиев, машыктыруучусу Шекитов Эрмек

2. "Бөрүлү", 8400 упай. Команданын жетекчиси Касымбек Кубатов, машыктыруучусу Самат Кушчугулов;

© пресс-служба федерации по кок-бору"Бөрүлү", 8400 упай. Команданын жетекчиси Касымбек Кубатов, машыктыруучусу Самат Кушчугулов
Команда по кок-бору Борулу  - Sputnik Кыргызстан
"Бөрүлү", 8400 упай. Команданын жетекчиси Касымбек Кубатов, машыктыруучусу Самат Кушчугулов

3. "Талас", 7450 упай. Команданын жетекчиси Талас Бегалиев, машыктыруучусу Ислам Тазабеков;

© пресс-служба федерации по кок-бору"Талас", 7450 упай. Команданын жетекчиси Талас Бегалиев, машыктыруучусу Ислам Тазабеков
Команда по кок-бору Талас - Sputnik Кыргызстан
"Талас", 7450 упай. Команданын жетекчиси Талас Бегалиев, машыктыруучусу Ислам Тазабеков

4. "Достук", 1900 упай. Команданын жетекчиси Мыктыбек Куташов, машыктыруучусу Байыш Ниязов;

© пресс-служба федерации по кок-бору"Достук", 1900 упай. Команданын жетекчиси Мыктыбек Куташов, машыктыруучусу Байыш Ниязов
Команда по кок-бору Достук - Sputnik Кыргызстан
"Достук", 1900 упай. Команданын жетекчиси Мыктыбек Куташов, машыктыруучусу Байыш Ниязов

5. МВД командасы, 1900 упай. Команданын жетекчиси Аскат Сулайманов, машыктыруучусу Табылды Шекитов.

© пресс-служба федерации по кок-боруМВД командасы, 1900 упай. Команданын жетекчиси Аскат Сулайманов, машыктыруучусу Табылды Шекитов
Команда по кок-бору МВД - Sputnik Кыргызстан
МВД командасы, 1900 упай. Команданын жетекчиси Аскат Сулайманов, машыктыруучусу Табылды Шекитов

Жетинин бири кыдыр деп кыргызда айтып келгендей 2015-жылкы оюндардын жыйынтыгы боюнча тай казанга эң көп улак таштаган оюнчулар төмөндөгүдөй болуп аныкталды.

  1. Рустам Тыналиев, 39 улак – "Сары Өзөн" командасы;
  2. Нурмамбет Койчукеев, 32 улак – "Сары Өзөн" командасы;
  3. Манас Ниязов, 26 улак – "Достук" командасы;
  4. Урмат Мусаев, улак 25 – "Сары-Өзөн" командасы;
  5. Кубаныч Султан уулу, 19 улак – "Сары-Өзөн" командасы;
  6. Байыш Ниязов, 17 улак – "Достук" командасы;
  7. Мирлан Сраждинов, 14 улак – "Бөрүлү" командасы.

"Ак Куладагы" жорго салыш, көк бөрүнү куш учкан бийиктиктен алаканга салгандай көрөбүз
Рейтингдин жыйынтыгы менен эң мыкты оюнчулардын ичинен төртөө "Сары-Өзөн" командасынын оюнчусу болсо, "Достук" командасынан эки жана "Бөрүлү" командасынын бир оюнчусу мыктылардын катарына кирген.

Учурдагы эреже боюнча оюн талаасына эки командадан төрттөн оюнчу катышат. Ошондой эле, оюндун жүрүшүнө негизги бир калыс жана капталдагы эки калыс көз салат. Оюн 20 мүнөттөн үч тайм ойнолот. Ар бир оюндун ортосундагы тыныгуу 10 мүнөттөн. Жарым финалдык жана финалдык оюндарда жеңүүчү аныктоо үчүн хоккейдегидей буллит болот. Андан сырткары оюн эрежеси одоно бузлган учурда дагы буллит дайындалат. Көк бөрүдөгү буллит бир тай казандан кийинки тай казанга улакты чаап барып ыргытуу керек. Улакты алган оюнчу чаап жөнөгөндөн кийин атаандаш командадан бир оюнчу артынан кууп барып улакты тартып алыш керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0