Пакистандагы базарда болгон жарылуудан 10 киши каза болду

© AFP / IRFAN BURKIЖашоочулар жабыркагандарды алып келген оорукананын тегерегинде.
Жашоочулар жабыркагандарды алып келген оорукананын тегерегинде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теракт шаарга кирип бараткан жолдогу базарда болгон. 30дай киши жаракат алса, алардын жетөө өтө оор абалда.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Пакистандын Парачинар шаарындагы базарда болгон жарылуудан улам, кеминде эле 10 киши каза болгонун GeoTV телеканалы билдиргенин РИА Новости кабарлады.

Теракт шаарга кирип бараткан жолдогу көзөмөл өткөрүү пунктунун жанында базарда болгон. Ал жакта кышкы кийимдер сатылчу. 30дай киши жаракат алса, алардын жетөө өтө оор абалда экенин шаардык оорукананын өкүлү билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, терактынын окуя болгон жерден изин жашырууга аракет кылган эки киши уюштурушу мүмкүн. Алар кармалып, тийиштүү органдарга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0