ИИМ: жыл башынан бери коррупция боюнча 274 иш сотко жөнөтүлүп, 33 адам жоопко тартылды

Жазылуу
Тергелип бүткөн иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 394 миллион 662 миң сомду түзгөн. ИИМ анын 42 миллион 998 миң сому кайтарылганын белгилейт.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11 ай аралыгында коррупциялык иш-аракеттеринен улам 33 жаран сот жообуна тартылганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Атамбаев: эл өлкөдө "кол тийгис" чиновниктер жок экендигине ынана баштады
Жалпы жонунан 633 коррупциялык мүнөздөгү кылмыш аныкталып, пара алуу боюнча 52, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жаатында 252, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу боюнча 78 жана башка 224 кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, 274 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 33 адам сот жообуна тартылган. Ал эми тергелип бүткөн иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 394 миллион 662 миң сомду түзгөн. ИИМ анын 42 миллион 998 миң сому кайтарылганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0