Борбор калаадагы Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылат

© пресс-служба мэрии города БишкекЧүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү.
Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен берилген каражатка жасалган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Чүй проспектисинин Чолпон-Ата көчөсү менен Ауэзов көчөсүнө чейинки бир чакырымдай узундугу 7-декабрдан тарта колдонууга берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жол тилкесине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, эки кат асфальт төшөлүп, жол четине бетон тосмолор коюлган. Жакын арада жолду жарыктандыруу иштери да аяктамакчы.

Жолдун бул бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен оңдолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0