Сариев: курулуп жаткан мектептердин бир чарчы аянты 400 доллардан ашпаш керек

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептердин курулуш сапатына Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башы менен жооп берет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында ишке киргизиле турган мектептердин курулушунун жүрүшү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жыл жыйынтыгы боюнча республикада 70 окуу жай жана сегиз саламаттык сактоо объектиси курулат. Сариев бардык социалдык объектилердин курулушу өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү кажет экенин кошумчалады.

"Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аталган объектилердин курулуш сапатына түздөн-түз жооп берет. Мындан тышкары, менин тапшырмам боюнча биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев мектептердин сметалык наркы боюнча комиссиялык текшерүүлөрдү жүргүзөт. Бир чарчы метр аянттын наркы 400 АКШ долларынан ашпоосу тийиш", – деди премьер.

Өкмөт башчы өлкө аймагында таланттуу балдар үчүн мектептер курулушу зарылдыгын белгилеп, Ош облусунда мындай мектеп курулуп жатканын, келерки жылдан тарта Талас шаарында да курулуш иштери башталарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0