Салыктан жөө качкан ишкер кармалды

Жазылуу
Жеке ишкер салык боюнча отчетторун тапшырбай ири көлөмдө салык төлөөдөн качып келген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан жеке ишкерди кармады.

Аталган ишкер салык боюнча отчетторду тапшырбай 2 миллион 833 миң сом салык төлөөдөн качкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 212-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0