Мугалимдер менен окуучулардын диний сабаты жоюлат

Жазылуу
Бүгүн башталып эртеңкиге чейин улана турган семинар терроризм менен диний экстремизмдин алдын алуунун ыкмаларын окутат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте орто мектеп мугалимдери менен окуучуларынын диний сабатын жогорулата турган семинарлар өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Жалал-Абадда күч түзүмдөрү күжүрмөн даярдыктан өтүштү
Маалыматка ылайык, эки күндүк иш-чара окутуучулар менен жаштардын арасындагы диний жаттагы сабатын жогорулатууга, терроризм менен диний экстремизмдин алдын алууга багытталат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан семинарда дүйнөлүк диндер, алардын Кыргызстанда жайылуу тарыхы, терроризм менен диний экстремизмге каршы күрөштүн ыкмалары каралмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0