Аялын сабаган кызыл камчыга министрдин өкүм зордугу менен араң кылмыш иши козголду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЭркектин колу. Архив
Эркектин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыланып чыккандан кийин аялга тергөөчү Королдоев орой мамиле жасап, аялга жасалган зордук-зомбулуктун эч белгиси жок экенин айтып, күйөөсүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоодон караманча баш тарткан.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Аялын көгала кылып сабаган эркекке Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен кылмыш иши козголгонун аталган мекеме билдирди.

Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: сот үч жылдан бери аялга айып такпай абакта кармап келген
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкектин тургуну күйөөсүнөн таяк жеп, бул боюнча Свердлов РИИБге арыз менен кайрылгандан кийин ооруканага жаткырылган. 

Дарыланып чыккандан кийин арыз негизинде иштин жүрүшү менен таанышуу үчүн келген аялга тергөөчү Королдоев орой мамиле жасап, ага жасалган зордук-зомбулуктун эч белгиси жок экенин айтып, күйөөсүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоого негиз жок деп билдирген.

Аталган жаран Акыйкатчы институтуна кайрылууга аргасыз болуп, акыйкатчынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиева ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге тергөөчү Королдоевдин аракетине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондон кийин гана аялын таяктаган жаранга кылмыш иши козголуп, учурда тергөөнүн материалдары сотко жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0