Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 24 ишканасын 136 млн. сомго каржылады

Жазылуу
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыяны ар бирине 600 миллион сом бөлүнгөн эки мамлекеттик банк берүүдө.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Сентябрь айынан баштап "РСК-Банк" менен "Айыл-Банк" Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан иштелип чыккан чакан жана орто бизнести колдоо программасынын негизинде 24 ишканага жалпы жонунан 136 миллион сомго каржылаганын аталган фонд билдирди.

Сариев: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылоого өтүшү керек
Маалыматка ылайык, мындан тышкары 63,5 миллион сомдук долбоорлор мамлекеттик банк тарабынан жактырылып, каражат жакын арада бериле баштайт.

Каржыланган долбоорлордун арасынан 13 ишкана айыл чарба тармагында, бир ишкана тоо-кен жана металлургия өндүрүшүндө иш алып барса, калган 10 компания кайра иштетүүчү тармакта аракеттенип келет.

"Бүгүнкү күндө эки банктын дарегине чакан жана орто бизнес ишканаларынан 210 арыз келип түштү. Алардын жалпы суммасы 3,1 миллиард сомду түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести даректүү каржылоо программасын ишке ашыруу максатында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" менен келишим түзүп, эки банкка 1,2 миллиард сом бөлүп берген. Аталган программанын алкагында ишкерлер беш жылдык мөөнөткө 12 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0