Улак тартуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөн беш тажикстандык жаран кармалды

Жазылуу
Аталган жарандар көзөмөл пунктунан тыш өтүүгө аракет кылып, Кыргызстанга жакын жерден кармалышкан. Өздөрүнүн айтымында, алар кыргыз жергесинде өтө турган "Улак тартыш" оюнуна катышуу үчүн келе жатышкан.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Улак тартуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өтүп келе жаткан беш тажикстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасынан 1 млн. сомдук аткезчилик товары кармалды
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 9-ноябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы аймакта болгон. 

Аталган жарандар көзөмөл пунктунан тыш өтүүгө аракет кылып, Кыргызстанга жакын жерден кармалышкан. Өздөрүнүн айтымында, алар кыргыз жергесинде өтө турган "Улак тартыш" оюнуна катышуу үчүн келе жатышкан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин чер ара режимин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0