Си Цзиньпин: Кытай менен Тайвандын көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө кудурети жетет

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын борбордук бийлиги менен Тайвань провинциясынын ортосундагы байланыш 1949-жылы, Кытай менен болгон жарандык согуштан жеңилип калган Чан Кайшинин жетекчилиги алдындагы Гоминьдан күчтөрүнүн Тайванга жайгашышынан кийин үзүлгөн. Мамилелер 1980-жылдардын аягында жандана баштаган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кытай менен Тайвандын көйгөйлөрдү чечүүгө кудурети да кеменгерлиги да жетиштүү экенин ишемби күнү Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Тайвань администрациясынын башчысы Ма Инцзю менен болгон тарыхый жолугушууда билдирди.

Акыркы 66 жылда биринчи ирет болуп жаткан жолугушуу ишемби күнү Сингапурда өтүп жатат. Си Цзиньпин менен Ма Инцзюндун кол алышуусу көп убакытка созулуп, андан кийин жабык эшик алдындагы сүйлөшүү менен улантылды.

"Тайваньдын эки жагында жайгашкан кытай элинин көйгөйлөрдү чечүүгө кудурети да кеменгерлиги да жетиштүү", — деди Си Цзиньпин.

Мындан тышкары, ал тараптардын өз аймагында эле эмес, жалпы дүйнөнүн өнүгүшү үчүн да чоң салым кошууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. 

Өз кезегинде Тайвань администрациясынын башчысы Ма Инцзю 1992-жылдагы консенсусту бекем сактоого чакырды.

"Кектешүүдөн арылып, талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө мезгил жетти", — деди ал. 

Түштүк-Кытай деңизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай АКШга Түштүк-Кытай деңизинде согуш башталуу коркунучу жөнүндө эскертти
Кытайдын борбордук бийлиги менен Тайвань провинциясынын ортосундагы байланыш 19949-жылы, Кытай менен болгон жарандык согуштан жеңилип калган Чан Кайшинин жетекчилиги алдындагы Гоминьдан күчтөрүнүн Тайванга жайгашышынан кийин үзүлгөн. Мамилелер 1980-жылдардын аягында жандана баштаган. 90-жылдардан тартып тараптар Тайвань куймасы аркылуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча Пекин ассоциациясы жана алмашуу фонддору сыяктуу бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0