Байыркы Ош бүгүн 3015-туулган күнүн белгилейт

Жазылуу
Ош калаасында бүгүн театрлаштырылган оюн-зооктор өтүп, ал гала-концерт менен жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарынын күнү. Шаар башкармалыгы майрамдын программасын таратты.

Оштогу жаңы ачылып жаткан көпүрө туурасындагы он беш факты
Мэриядан майрам күнү саат эртең мененки ондон тарта 1, 5 сааттык театрлаштырган оюн-зооктор менен башталарын билдиришти.

"Алтын күз" деп аталган жарманке Султан Ибраимов атындагы улуттук драмалык театрында саат 11:30да түшкү саат 12лерге чейин өтөт. Ошол эле жерде бир жарымдан тарта төрт жарымга чейин "Боорсок" фестивалы болот. Майрам борбордук стадиондо эстрадалык ырчылардын катышуусунда чоң концерт менен аяктайт. 

Мэрия бүгүн социалдык жаңы жайлардын ачылышы пландалбагандыгын кошумча билдирди.

Быйыл байыркы Ош шаарына 3015 жыл толот.

Жаңылыктар түрмөгү
0